www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук транспортторго рейддер жүргүзүлөт

Бүгүнтөн тарта өлкө аймагында коомдук транспортторго болгон көзөмөл күчөтүлүп, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара башталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, рейддин алкагында коомдук транспортторду башкарган айдоочуларга карата текшерүүлөр күчөтүлүп, эреже бузган учурлар аныкталса, тиешелүү айып пулдар салынат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Башкы башкармалыктын билдиришинче, акыркы мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун катышуусунда жол эрежелеринин бузулушу көбөйүп, жол кырсыктарына себеп болгон учурлар катталууда. Айдоочулардын аялдамага жетпей токтоосу, жол тыгындарын жаратышы, унаа айдап бара жатып телефон колдонушу же чылым чегүүсү сыяктуу көрүнүштөр айдоо маданиятынын төмөндүгүн көрсөтүүдө.

Мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулган рейддик иш-чаралар бардык облустарда жана шаарларда өткөрүлмөкчү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун биринчи орунга коюуга чакырат.

Последние новости