www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 54 гемодиализ борбору иштеп жатат

Кыргызстанда бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, эгерде 2010-жылга чейин өлкөдө мындай бейтаптардын саны 2860 болсо, учурда алардын саны 4 478ге жетти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасына ылайык, орто эсеп менен 1 млн калкка 830 бейтап туура келет. Салыштырмалуу алсак, бул көрсөткүч Казакстанда 800дү, Россияда 900дү түзсө, Кыргызстанда 1 млн кишиге 630 бейтап туура келүүдө.

Министр белгилегендей, оорунун өрчүшүнө кант диабети, пиелонефрит жана кан басымынын жогору болушу себеп болууда.

Бүгүнкү күндө республикада 54 гемодиализ борбору иштейт: анын 2си — мамлекеттик, 4ү — мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жана 48и — жеке менчик.

Борборлордун аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

Бишкек шаарында – 11;

Жалал-Абад облусунда – 8;

Чүй, Ош жана Баткен облустарында – 6дан;

Ысык-Көл облусунда – 5;

Талас жана Нарын облустарында – 3төн.

Аталган мекемелерде 61 дарыгер жана 106 медициналык кызматкер эмгектенип жатат.

Последние новости