www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курула турган «Үмүт чырагы» бала бакчасынын курулушуна мезгил кутучасын салды.

МинКаб башчысы өз сөзүндө бул долбоор өзгөчө балдарга болгон камкордуктун айкын белгиси экенин белгиледи. 

“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал ошондой эле бул долбоор өлкөдө мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү экенин жана бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 28,3% түзгөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 51%га чейин өскөнү айтылды. Учурда Кыргызстан боюнча 2344 бала бакчада 320 миңден ашуун бала тарбияланууда.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылууну 80%га жеткирүү максаты коюлган. Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын курулушу Артвин Девелопмент компаниясынын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылууда.

Маалымат үчүн: Долбоордун алкагында жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн, 250 орундуу эки кабаттуу заманбап бала бакча курулат. Гимнастика, логопед, окуучу бөлмөлөрү бар, атүгүл контакттуу зоопаркы бар бул бала бакчада балдардын өнүгүшү үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Последние новости