www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 485 менчик клиника жабылды

Кыргызстанда лицензиялык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 485 менчик клиника жабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министрдин айтымында, алардын 333үнө айып пул салынды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 485 жеке менчик клиниканы жаптык. Булардын көбү лицензиясы, адистери жок ачылган. Басымдуу бөлүгү - стоматология менен косметология, пластикалык операция жасагандар. Бул жерлерде, чындыгында, адистер иштебей, билими жок, санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн абалы оорлошуп кеткен учурлар көп. 333үнө айып пул салынды. Эң жаман жери, айып пул 3 миң сомдон 7 миң сомго чейин. Муну төлөп коюп эле кайра ачып алып жатышат, биз кайра жаап жатабыз. Ош базарындагы стоматологияга кирсем, абдан жакшы жабдуулар бар, бирок дарыгер жасай турган процедуралардын бардыгын коллежди бүткөн адам жасап жаткан. Кайсыл коллеж десем, дарегин билбейт, дипломун сатып алган окшойт. Жабдуулары стерилизациядан өткөн эмес. Ошонун жанындагы гинекологиялык клиника деле ошондой. Аксыда бирөө стоматологияны гаражына ачып алыптыр, Ошто үйүнүн бурчуна ачып алган. Ошондойлордун баары жабылды".

Буга чейин Кыргызстанда пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, каза болуп калган учурлар катталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости