www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда оруп-жыйноо иштери уланууда. Учурда өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1 пайызы, башкача айтканда, 352,7 миң гектары жыйналып бүттү.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп.
Кампаларга 985,1 миң тонна дан жыйналып, жалпы дүң жыйым 6,9 пайызга өстү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүүдө.
Быйыл буудайдын түшүмү жогору болууда.
Анын пландалган аянттарынын 80,2 пайызы жыйналып, жалпы дүң жыйым былтыркыга салыштырмалуу 30,8 пайызга өстү. Арпанын 59 пайызы жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 25,1 центнерди түздү. Бул өткөн жылга караганда 15,1 пайызга жогору.
Жүгөрү жана чанактуу өсүмдүктөрдү жыйноо иштери жаңы башталды.
Аймактарда да түшүм жыйноо активдүү жүрүүдө. Чүй облусунда пландалган аянттардын 63 пайызы жыйналса, Ош облусунда былтыркыга салыштырмалуу өсүш 20,1 пайызды түздү.
Жалал-Абад облусунда 56,5 пайыз, Баткен облусунда 62,3 пайыз аянттан түшүм жыйналды.
Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында климаттык шарттарга байланыштуу массалык оруп-жыйноо иштери эми күчүнө кирүүдө.
Мындан тышкары, жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноодо да өсүш катталды.
Өткөн жылга салыштырмалуу жашылча өндүрүшү 6,1 пайызга, картошка 7,9 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 20,4 пайызга өстү.
Учурда жашылчанын пландалган аянттарынын 41,1 пайызы, картошканын 20,6 пайызы жана бакча өсүмдүктөрүнүн 44,8 пайызы жыйналды. Ал эми пахта, тамеки жана кант кызылчасы сыяктуу техникалык өсүмдүктөрдү жыйноо иштери алгачкы этапта турат.