www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куала-Лумпурда экинчи кыргыз-малайзиялык ТИМдер аралык консультациялар өтүп, ага Малайзиянын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров, малайзиялык тарапты Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы катчысынын орун басары Ахмад Розиан бин Абд Гани жетектеди.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин кеңири талкуулашты. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.
Катышуучулар соода, каржы, инвестиция, туризм, маалыматтык технологиялар, халал индустриясын өнүктүрүү, жашыл демилгелерди илгерилетүү, ошондой эле билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу жана өз ара аракеттенүүнүн ченемдик-укуктук базасын чыңдоо боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташып, ТИМ аралык консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү практикасын улантууну макулдашышты.
Булак: "eurasiatoday.ru"