www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму өттү.

Ишкерлердин форумуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз катышты.

Анда сөз сүйлөшкөн минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен СУАРдын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн бизнесмендерге ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып баруу дайым улантылаарын билдиришти.

Белгилей кетсек, форумга Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

Ишкерлер форумдун жүрүшүндө, өз тармактары боюнча презентацияларды көрсөтүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.

“Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунун жыйынтыгында энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн доллар суммасындагы 7 документке кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости