www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы "Глобалдык акча жумалыгынын" алкагында Бишкек шаарынын окуучулары үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрдү.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуучуларга Ишкерлерди тейлөө борборунун иштери көрсөтүлүп, мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча маалымат берилди.

Салык кызматкерлери салыктык режим маселелери боюнча лекцияларды өткөрүп, салык кызматынын максаттары жана милдеттери, салыктардын түрлөрү жана электрондук кызматтар жөнүндө айтып беришти, ошондой эле "Эмне үчүн салыктарды төлөш керек?» темасы боюнча видео сабактар көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорго жоопторду ала алышты. Мугалимдер жаш муундар арасында салык сабаттуулугун калыптандыруу үчүн мындай окутуу иш-чараларынын маанилүү экендигин белгилешти.

Экскурсияга Бишкектин төрт мектебинен 70 окуучу катышты.

Салык кызматы жаштардын арасында салык маданиятын жайылтуу максатында жалпы билим берүү мекемелери менен кызматташууну улантат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости