www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Корея Республикасына болгон иш сапардын алкагында МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын климат, энергетика жана айлана-чөйрө министри Ким Сонгхван менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын абалы жана Борбордук Азиядагы таза суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдүн эриши негизги көңүл борборунда болду.
Кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймактагы суу ресурстарын калыптандыруудагы өзгөчө ролун жана аларды сактоо боюнча жоопкерчилигин белгиледи. Приоритет катары суу ресурстарын туруктуу башкаруу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү багыттары аныкталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында 2026-жылдын сентябрь айында Сеул шаарында өтө турган «Борбордук Азия — Корея Республикасы» саммитине карата биргелешкен документти даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын министрин Кыргыз Республикасына расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Тараптар кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ишеним билдиришти.