www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги алдында кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча комиссиянын 17-жыйыны өттү.
20дан ашуун министрлик жана ведомстволордун жетекчилери катышкан жыйында улуттук финансылык коопсуздукту чыңдоо жана эл аралык баалоого даярдык көрүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук стратегиянын түзүмү бекитилди. Документтин долбоору 2026-жылдын 1-сентябрына чейин ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
Стратегияда санариптик IT-чечимдерди киргизүү, алдын алуу чараларын күчөтүү, параллелдүү финансылык тергөө институтун өнүктүрүү жана виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча жаңы механизмдер каралат.
Ошондой эле Кыргызстан Евразиялык топтун өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу өз ара баалоолордун үчүнчү раундуна катышары белгиленди. Учурда бул багытта 11 ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Эл аралык эксперттердин миссиясы 2026-жылдын 14-сентябрынан 2-октябрына чейин өтөрү күтүлүүдө.
Комиссиянын жыйынында бенефициардык менчиктин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоо тобокелдиктерин азайтуу, турак жай-курулуш жана коммерциялык эмес уюмдар секторлорундагы тобокелдиктерди баалоо боюнча бир катар документтер бекитилди.
Мындан тышкары, санариптик чөйрөдөгү операциялардын коопсуздугун күчөтүү максатында виртуалдык активдер сектору үчүн FATF уюмунун «Жол картасын» этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча иштер башталды.