www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Баткен ОИИБинин кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана аткезчилик жол менен өткөрүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Тажикстандын аймагынан ири көлөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз алып өтүп, аны Баткен облусу аркылуу транзиттик жол менен Өзбекстанга жеткирүүгө аракет кылган уюшкан топ тууралуу маалымат алынган.

Аталган маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Кадамжай районунда «Хундай Соната» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, анын айдоочусу — Баткен районунун 1987-жылы туулган тургуну А.С. кармалган.

Автоунаага жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар, баңгизатка окшош зат салынган 10 таңгак табылган. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат жалпы салмагы 9 килограмм 908 грамм 8 миллиграмм болгон «гашиш» экени аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Последние новости