www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Кыргызстан менен Казакстандын транспорт министрлери Абсаттар Сыргабаев менен Нурлан Сауранбаев "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолугуп,, кызматташууну талкуулашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Абсаттар Сыргабаев Нурлан Сауранбаевди министр кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сыргабаев “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол – Алматы жана Чолпон-Ата – Алматы автобустук каттамдарын ачууну, кыргыз жүк ташуучулары үчүн уруксат кагаздарынын кошумча көлөмдө алмашуу маселелерин көтөрдү.

Ал эми Казакстандын транспорт министри аталган маселелер боюнча макулдугун билдирди.

Мындан тышкары, казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу тууралуу маселелерди көтөрүп, бул багытта эки тарап бирдиктүү иш алып барууну макулдашышты.

Тараптар жалпы жол жана транспорт багындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, мындан ары дагы эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Последние новости