www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Борбор» эс алуу борборунун аймагында курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы Бишкек шаардык экологиялык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде аталган аймактагы объекттерге пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен курулган жана пайдаланылып жаткан бир катар имараттар аныкталды.
Алардын арасында:
бүтпөй калган эки кабаттуу курулуш объектиси;
үч жана эки кабаттуу конок үйлөрү;
ашкана имараттары;
кафе жана кызматкерлер үчүн курулган имараттар бар.
Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн объект ээлерине тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, 10 күндүк мөөнөт белгиленди.
Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтмөлөрдүн аткарылышы кайрадан текшерилет.
Эгерде мыйзам бузуулар жоюлбаса, күнөөлүү тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.