www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын аймагындагы поезддерде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жаңыланган эрежелер күчүнө кирди.
Жаңы тартипке ылайык, жүргүнчүлөр билетти кассадан, поезддин өзүнөн же электрондук форматта сатып ала алышат. Электрондук билет кагаз түрүндө же смартфон, планшет сыяктуу түзмөктөр аркылуу көрсөтүлөт жана кадимки билет менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ошондой эле бир жүргүнчүгө 5 жашка чейинки бир баланы өзүнчө орун бербестен акысыз алып жүрүүгө уруксат берилет. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жол киреси атайын балдар тарифине ылайык төлөнөт. 10 жашка чейинки балдардын чоңдордун коштоосуз жүрүшүнө жол берилбейт.
Жүргүнчүлөргө салмагы 50 килограммга чейинки кол жүгүн акысыз алып жүрүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары, атайын капаска же контейнерге жайгаштырылган экиге чейин үй жаныбарын (ит, мышык, канаттуу) акысыз ташууга болот. Ири породалуу иттерди ташууга тыюу салынат.
Көрүүсү начар адамдар үчүн жол көрсөтүүчү иттерди алып жүрүүгө уруксат берилет.
Эрежеге ылайык, жүргүнчүлөр жүктөрүнүн жана жаныбарларынын коопсуздугу үчүн өздөрү жооп беришет.
Мындан сырткары, кол жүгүнүн нормасынын алкагында бир даана ажыратылып, таңгакталган велосипедди алып жүрүүгө уруксат берилет.
Балдар жана майыптар коляскалары белгиленген нормадан тышкары акысыз ташылат.