www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,9 миллиард долларды түзүп, ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,5 пайызына барабар болду. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министри Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын айтымында, карыздын азыркы көлөмү өлкө үчүн коопсуз жана көзөмөлдө кармалууда. Өкмөттүн стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыз ИДӨнүн 70 пайызынан ашпоого тийиш.

2025-жылдын соңунда ички карыз 3,6 млрд долларды, ал эми тышкы карыз 5,3 млрд долларды түзгөн. Тартылган каражаттар негизинен жолдорду, мектептерди, ооруканаларды курууга, энергетика, сугат жана инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле 2025-жылы Кыргызстан эл аралык капитал рыногунда 700 млн долларлык еврооблигацияларды чыгарып, инвестиция тартуу боюнча тарыхый кадам жасаганы белгиленди. Министрдин айтымында, бул өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга жардам берет.

Последние новости