www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун судьялары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Алтынчы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү кибер кылмыштуулуктун учурдагы абалы, интернет-алдамчылыктын негизги түрлөрү, ошондой эле санариптештирүү шартында соттор менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери талкууланды.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевдин төрагалыгы алдында өттү. Иш-чарага кылмыш-жаза иштери боюнча, жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиялардын судьялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Алтынчы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

ИИМдин адистери катышуучуларга Кыргызстанда эң кеңири таралган кибер кылмыштар тууралуу маалымат беришти. Алардын катарына телефон жана мессенжер аркылуу жасалган алдамчылыктар (өздөрүн «банктын», ИИМдин, УКМКнын атынан тааныштырып, SMS-коддорду жана акча каражаттарын алдоо жолу менен алуу), фишинг — банктык карталардын жана аккаунттардын маалыматтарын уурдоо максатында жасалма сайттарды жана шилтемелерди колдонуу, WhatsApp, Telegram жана социалдык тармактардагы аккаунттарды бузуп кирүү жана андан соң тааныштардын атынан билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле «инвест-скамдар» — криптовалютага жана финансылык долбоорлорго жогорку киреше убада кылуу аркылуу акча каражаттарын алдоо сыяктуу көрүнүштөр кирет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдамчылык үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги күчөтүлгөнү, анын ичинде кылмыш жолу менен табылган кирешелерди которуу жана накталай чыгаруу үчүн алмаштырылган жактарды пайдалануу (дропперлик) үчүн жоопкерчилик киргизилгени белгиленди. Өзгөчө көңүл криптобиржалар аркылуу акча каражаттарын адалдоого, ошондой эле кылмыштык кирешелерди жашыруу жана легалдаштыруу үчүн криптоактивдерди колдонууга байланышкан жаңы чакырыктарга бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кибер кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана соттук практиканы өркүндөтүү максатында мындай жумушчу жолугушууларды мындан ары да улантуу боюнча макулдашышты.

Последние новости