www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл сайын мыйзамсыз аң уулоо күч алып, былтыр 240 мыйзам бузуу факты аныкталган.

 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Кыргыз мерген" мамлекеттик ишканасын түзүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомго өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин негиздемесинде аталган мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү бюджетке кирешени көбөйтүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

Ошондой эле учурда өлкөдө 14,4 миллион гектар аянтта 52 аңчылык (41 жеке, 9 коомдук жана 2 мамлекеттик) фирма иш алып барары, бул өз кезегинде жапайы жаныбарлардын популяциясын көзөмөлдөөгө жол ачары белгиленген. Бирок жыл сайын мыйзамсыз аң уулоо күч алып, былтыр 240 мыйзам бузуу факты аныкталган.

"Өкмөттүн 2016-жылдын 11-августундагы токтомуна ылайык конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү менен мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө көпчүлүгүнүн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу министрлик тарабынан кайтаруу жана биотехникалык иш-чаралардын сапатын жакшыртууга жана чет элдик аңчылыктан түшкөн каражатты эки эсе көбөйтүүгө көмөктөшө турган мамлекеттик ишкана түзүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости