www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Басылма Байден АКШнын Украинадагы стратегиялык пландоосуна көңүлүн ашыкча буруп жатат деп эсептейт.

 Жозеф Байдендин администрациясы Киевдин аймактарды кайтарып алуу боюнча чындыкка коошпогон максаттарына макул эместигин билдириши зарыл. Бул туурасында РИА Новости америкалык Foreign Policy журналы жазганын билдирди.

"Администрация Украина менен Американын кызыкчылыктары ал өлкөнүн аймактарынын ар бир кесимин кайтарып алуу боюнча Киевдин жарыялаган максаттары менен туура келбестигин айтышы керек", — деп жазылган макалада.

Басылма Байден АКШнын Украинадагы стратегиялык пландоосуна көңүлүн ашыкча буруп жатат деп эсептейт. Ак үйдүн болгон-бүткөн планы Киевди токтобогон агымдагы акча менен камсыздап туруу. Анткен менен авторлор мындай стратегиянын эртеби-кечпи, "күнү бүтөрүн айтышат". Журнал вашингтондук саясатчылар АКШнын азыркы кырдаал боюнча каралган реалдуу кадамдарынын ордуна радикалдык көз караштагы "баарын алыш керек же куру жалак калыш керек" деген сунуштарын айтып жатканын белгиледи.

"Башка нерсе да маанилүү — Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө баш коюуга мезгил жетти", — деген Foreign Policy.

Мурдараак Сенат Вашингтондун союздаштары Украина, Израиль жана Тайванды кошкондо жардам берүү боюнча мыйзам кабыл алынган. Байден 24-апрелде Украинага америкалык куралдарды жеткирүү аракеттерин жаңылоо максатында акыркы юридикалык тоскоолдуктарды алып салып, жаңы мыйзамга кол койгон. Андан көп өтпөй 1 миллиард долларлык аскердик жардамдын жаңы пакетин бөлүү камын көргөн.

Марттын соңунда Украина президенти Владимир Зеленскийдин Москва менен Киевдин ымалага келүү боюнча сүйлөшүүлөрү Украинанын чек арасын 1991-жылдагы абалга кайтарууну козгобой туруп баштоо мүмкүнчүлүгүн биринчи жолу айткан жайы бары. Зеленскийдин пикиринде, эгерде Украина 2022-жылдагы, атайын операция башталганга чейинки чек араларга кайта алса, Россия сүйлөшүүгө барууга даяр болорун айткан.

Москва буга чейин кепке келүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирип келди, бирок ага Киев мыйзам деңгээлинде тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырып келет. Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операцияны максатына жеткирүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Россиянын бардык талаптары Киевге белгилүү экенин билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости