www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иштөө режими убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда «КЭРдин түзүлгөн күнү» жана «Күз ортосу майрамы» майрамдалышына байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

Жогоруда аталган өткөрүү пункттарынын убактылуу жабылышы бардык категориядагы трафиктер үчүн төмөнкүдөй күндөрү күчүндө болот:

— 2025-жылдын 1-октябрынан 3-октябрын кошо алганда;

— 2025-жылдын 6-октябрында.

Өзгөчө өткөрүү режиминде 2025-жылдын 4-5-октябрда жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактарды тариздөө жүргүзүлбөйт.

Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрмө пункттары аркылуу штаттык режимде өткөрүү 7-октябрда кайрадан жанданат.

Чек ара кызматы жарандардан жана жүк ташуучулардан өз маршруттарын алдын ала пландаштырып алууну эскертет.

Последние новости