www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Kaktus.media редакциясына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишине байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров бул чечимин кыскача төмөнкүчө түшүндүргөн:

«Бул чечимди эң оболу мамлекетибиздин кызыкчылыгын көздөп, коомдо, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда ажырымга жол бербөө жана тескерисинче, биримдикти бекемдөө максатында кабыл алдым», — деп цитата келтирди мамлекет башчысынын сөзүн басма сөз катчысы.

Эске сала ктесек, бүгүн, 10-февралда, президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгону белгилүү болду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Последние новости