www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыш-жаза кодексиндеги 172-берененин “Никеге туруу максатында ала качуу” деген жерин “Никеге туруу максатында адам уурдоо” деп өзгөртүү сунушталды. Мыйзам долбоорун парламент депутаты Кубанычбек Самаков сунуштап жатат.

Депутат мыйзам долбоорунун негиздеме катында “ала качуу” деген термин көпчүлүк жарандар үчүн көбүнесе бейтарап мааниге ээ” экенин айтууда. Ал эки жаш ыктыярдуу түрдө баш кошкон учурда дагы “ала качуу” сөзү колдонулуп жүргөнүн жүйө кылган.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.

Кыргызстанда ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

Кылмыш-жаза кодексинде 165-берене (“Адамды уурдоо”) дагы бар. Бул берене менен күнөөлүү деп табылса, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости