www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жусуп Баласагын атындагы КУУда кызматтык жасалмачылык фактыларын аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде системалык тартип бузуу фактыларын аныктады.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуу процессине иш жүзүндө катышпаган, бирок ошол эле учурда окуп жаткандардын катарында болгон студенттер аныкталды. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуу шарттарын бузган 2710 студент окуудан чыгарылды.
Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга катыштыгы бар Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессордук-окутуучулар жана административдик курамындагы адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.