www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде курулуш тармагына маалыматтык моделдөө (BIM) технологияларын киргизүү маселелерине арналган жумушчу кеңешме өттү.

Иш-чара Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбековдун төрагалыгы алдында уюштурулуп, ага министрликтин түзүмүндөгү мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Татарстандын BIM-моделдөө жаатындагы эксперттери онлайн форматта катышты.

Кеңешмеде катышуучулар эл аралык тажрыйба менен бөлүшүп, BIM технологияларын колдонуудагы мыкты практикаларды жана ченемдик жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле курулуш тармагында санариптик трансформацияны өнүктүрүү багытында пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында BIM багытында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Анын негизги милдеттерине ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, санариптик технологияларды киргизүүнү координациялоо жана эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү кирет.

Мындан тышкары, тармактагы адистерди BIM технологиялары боюнча окутуу демилгеси колдоого алынды.

Маалымат үчүн: BIM (Building Information Modeling) — имараттарды маалыматтык моделдөө технологиясы. Ал курулуш объектилерин 3D форматта санариптик моделдөөгө жана ага тиешелүү бардык маалыматтарды бирдиктүү системага топтоого мүмкүндүк берет.

Последние новости