www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн 11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушевге, мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жана башка айыпталуучуларга карата козголгон «75-иш» боюнча кезектеги соттук отурум болуп өттү.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова иштин материалдарындагы жашыруундуулук макамын алып салуу жана соттук кароону ачык өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды.
Анын айтымында, соттук отурумдарда каралып жаткан айрым маалыматтар буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып келген жана мамлекеттик сырды камтыбайт. Ошондуктан иштин бардык материалдарын жашыруун деп эсептөө негизсиз болуп, ачык-айкындуулук принцибине каршы келет.
Сот жактоочунун жүйөлөрүн негиздүү деп таап, өтүнүчтү канааттандырды. Натыйжада мындан аркы соттук отурумдар ачык режимде өткөрүлмөкчү. Кийинки соттук отурум 15-июнга белгиленди.
Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк ага карата «75-иш» деп аталган кылмыш иши козголгон. Ал бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Бул иш боюнча Камчыбек Ташиевден тышкары дагы жети адам — Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев жоопкер катары өтүүдө. Буга чейин иштин материалдары жашыруун болуп, соттук отурумдар жабык форматта өткөрүлүп келген.