www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу пландалган.
Анын негизинде 31-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курула турган социалдык объектилердин долбоорлору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты.
Алар:
Октябрь району:
-Көк-Жар конушунунун Куйручук көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу
-Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегине жаңы мектеп
-№8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектебине кошумча окуу корпусу
-Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп
-Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1дарегиндеги №91 орто мектебине кошумча корпус
-Көк-Жар айылынын Кийизбаев-Алапаев дарегине жаңы мектеп
Ленин району:
-Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектепке кошумча корпус
-Кашка-Баш айылынын №84 жаңы мектеп
-Ак-Ордо конушунун Тенир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп
-Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус
-Жал кичи району 29 дарегиндеги №72 мектепке кошумча корпус
-Арча-Бешик конушунун Садыбакасов 94 дарегиндеги №79 мектепке кошумча корпус
Биринчи май району:
-Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине өзүнчө кошумча корпус
-Дача-Суу конушуна жаңы мектеп
-Васильев көчөсү 169 дарегине жаңы мектеп
-Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп
-Кудайберген конушуна 1200 орундуу жаңы мектеп
Свердлов району:
-Дордой конушунун дордой Аул-13-12 көчөсүндөгү №94 мектепке кошумча корпус
-Дубосековская көчөсү 39а дарегинде жайгашкан №32 орто мектебине кошумча корпус
-Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 мектепке кошумча корпус
Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 20 объект каралган (Октябрь району – 6 объект, Ленин району – 6 объект, Биринчи май району – 5 объект, Свердлов району – 3 объект).
Министр аталган объекттердин курулуш аянттары жана долбоордук документтери менен таанышып, департаменттердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Учурда курулуш иштеринин алгачкы этабы башталды.
Белгилей кетсек, борбор калаада окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге жогору. Ушуга байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан 20 мектептин долбоордук-сметалык документтери бекитилип, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлө баштады. Социалдык объектилер республикалык бюджеттен каржыланууда.