www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Бакыт Төрөбаев “Кыргызмамасылтукум заводунун" айдоо жерине барып, дыйкандарга карбамидтин колдонулушу жана пайдасы тууралуу түшүндүрмө берди. Министрдин айтымында, бул агротехнологиялык менен айдалган 50 гектар жерге күздүк буудай эгилген жана быйыл дал ушул жерден бардык минералдарды колдонуу менен, сертификатталган урондорду колдонуу аркылуу 60 центнерден түшүм алуу күтүлүүдө.

Министр өз сөзүндө белгилегендей:

«Дыйкандар биринчи кезекте топурактын анализин жасап, макро- жана микроэлементтердин жетишсиздигин аныкташты. Негизги жетишпей калган элементтер — фосфор, калий жана азот. Бул элементтерди толуктоо максатында талаага карбамид чачылды. Карбамид — бул топуракты азыктандырган минералдык жер семирткич, өсүмдүктөргө керектүү негизги элементтерди (азот, фосфор, калий) берип,түшүмдүүлүктү көбөйтөт.

Бул жер семирткич буудай, жүгөрү, картошка сыяктуу дыйканчылык өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонулат. Ал гранул түрүндө болуп, талаага атайын техника (мисалы, РУМ) менен себилет.

РУМ техникасы — тракторго үч чекиттүү асма система аркылуу туташып, кубат берүүчү вал (Вал отбора мощности ,ВОМ) аркылуу иштеген минералдык жер семирткичтерди чачуучу машина. Ал гранулдуу минералдык жер семирткичтерди талаа бетине бирдей бөлүштүрүп, норма жана чачуу туурасын техника жөндөөлөрү менен так камсыз кылат.

Иштөө принциби: минералдык жер семирткичтер бункерге жүктөлөт, андан соң дозалоочу механизм аркылуу айлануучу дисктерге жеткирилет. Дисктердин жардамы менен жер семирткичтер белгиленген жумушчу тууралык боюнча талаанын бетине чачылат. Ал ошондой эле, дыйкандардын көбү отоо чөптөргө каршы пестициддерди туура колдонбой жатканын белгиледи:

«Буудай менен кошо чыккан отоо чөптөр өсүмдүктүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып, түшүмдүүлүктү азайтат. Ошондой эле дыйкандардын негизги катасы — сертификаты жок үрөндөрдү себүү. Натыйжада түшүм аз жана сапаты төмөн болуп жатат».

Ошондой эле, маселени чечүү үчүн республика боюнча 22 лаборатория иштеп жатканын, дыйкандар сертификатталган үрөндөрдү колдонуп, же өздөрүнүн буудайларын лабораторияга алып барып, курамы жана сапатын текшерте алышарын кошумчалады.

Последние новости