www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мурда бир нече жолу соттолгон 3 жаран кылмыштарды жасоо жана мыйзамсыз каржылык баюу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, физикалык зомбулук менен коркутуп-үркүтүү жолу аркылуу жеке ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.

«Уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрү алдамчылык аракеттер аркылуу курулуш фирмасынын жетекчилигин өзүнүн аффилирленген жактарына кыймылсыз мүлк объекттерин кайра каттоого мажбурлап, анын ордуна курулуш материалдарын берүүгө убада беришкен.

Ошол эле учурда, бул топ туруктуу негизде курулуш компаниясынын директорунун кеңсесине барып, компаниянын жетекчилигин коркутуп, алардын мүлкүн кылмыштуу топтун колуна өткөрүп берүүнү көздөгөн. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды»,— деп айтылат маалыматта.

Последние новости