www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы отурумда кыргыз-тажик чек арасы боюнча пикирин билдирген.
Ага карата кесиптеши Кундуз Сулайманов: - Бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, бүгүн майрам күнү, ортоңку трибунага чыгып, эки элдин ортосуна от жагам деген кесиптештерибизге жанагы мен айтат элем, биздеги болгон чек арада каза болгон кырсыктагы апааттагы каза болгон балдардын арбактары урсун ушуну, - деди.
Эске сала кетсек, Султанбай Айжигитов "Ыйман нуру" фракциясынын мүчөсү Султанбай Айжигитов 5-марттагы парламент отурумунда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен таанышкандан кийин “азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат” деп айткан.
Көп өтпөй Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Бул тууралуу фракциянын лидери Динара Ашимова билдирди.
Бүгүн Айжигитовдун Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин “Ыйман Нуру” фракциясы кезексиз жыйынга чогула турганы белгилүү болгон.
Ашимованын айтымында, фракциянын кезексиз жыйында Айжигитовду “Ыйман Нурудан” чыгарууну 3 депутат (Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева) колдоду. Ал эми Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берген.