www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» иш таштоо тууралуу маалыматты четке какты

«Кумтөр» алтын кенинде абал тынч экенин бүгүн, 13-майда ишкананын басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди.

Ал эч кандай иш таштоо болбогонун, бардыгы штаттык режимде иштеп жатканын, «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси, ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен «Кумтөрдүн» иш таштоого ниеттенип жатат деген кызматкерлери менен жолугушуу болбогонун айтты.

Ахмедованын айтымында, учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык ишканалардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө.

Бүгүн «Кумтөр» менен иштешкен айрым жергиликтүү ишканалардын жумушчулары иш таштоого ниеттенип жатканы, алар облус жетекчиси менен жолугушууга киргени тууралуу маалыматтар тараган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости