www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Төрайымы Анналена Бербок менен жолугушуу өткөрдү.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, глобалдык коопсуздуктун заманбап чакырыктары, туруктуу өнүгүү, көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана эң курч саясий жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдөгү БУУнун ролун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.
Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрайымына Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында ишке ашырылып жаткан өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн, инвестициялык климаттын жакшырышын жана ири инфраструктуралык жана аймактык долбоорлордун илгерилетилишин белгиледи.
Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр Кыргыз Республикасы коңшу мамлекеттер менен достук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого, транспорттук, энергетикалык жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле транспорт жана энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Өз кезегинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрайымы Анналена Бербок Кыргызстандагы экономикалык өнүгүүнүн динамикасына жогору баа берип, эл аралык коомчулук олуттуу саясий жана экономикалык чакырыктарга туш болуп жаткан шартта бул өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
А.Бербок ошондой эле Борбордук Азиядагы бардык көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу боюнча жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашырууну башка өлкөлөр үчүн үлгү боло ала турган көрүнүш катары баалады. Бул өңүттөн алганда ал Кыргызстан тарабынан демилгеленип, БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан консенсус аркылуу кабыл алынган “Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу” резолюциясынын кабыл алынышын кубаттады.