www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы жайыт мал чарба жана балык чарба департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов журналисттерге жумуштан мыйзамсыз, күлгөнү үчүн эле алынганын айтып, эми министр Эркинбек Чодуевди мыйзамсыз иш аракеттери үчүн сотко берүүнү көздөп жатканын билдирди.

Айтымында, анын кызматтан алынуусуна эч кандай себеп болгон эмес.

"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев коллегияда мени өз каалоосу менен жумуштан кетти деп айтыптыр. Бирок мен өз каалоом менен кызматтан кеткен эмесмин. Мен Оштон, иш сапардан келе жатып бир аз сыркоолоп ооруп калган болчумун, ага “Тез жардам” кызматы да чакыртылган. Анан мага балдар сиз өз каалооңуз менен кызматтан кеттиңизби деп чалып калышты. Жок андай эмес дедим. Эми министрлик буга чейин деле мындай ыплас иштерди көп кылып келген экен. Ооба, биз башында министрге “эгерде жумушубуздан оң натыйжа көрсөтө албасак, баарыбыз – эки орун басар, стат-катчы кызматтан кетебиз” деп билдирүү жазганбыз. Буга министр өзү да кошулган, жумушту аткара албасак баарыбыз кетебиз деп. Мен бирок ишенген эмесмин. Негизинен эле Чодуев Өкмөт башчыга жалган маалыматтарды берип, аны да уят кылып жатат”, -дейт анда Мамытканов.

Ал эми анын иштен кетишине негизги себептер болуп эмне эсептелээрин сураган суроого министрдин кеңешчиси аны күлгөнү үчүн кызматтан алышканы тууралуу айтканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости