www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 858 стационар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, стационарларды ачуу, орундуктардын санын көбөйтүү менен ал жерлерди дары-дармек, медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

Алардын ичинен 844ү күндүзгү стационар. Ал жерде жеңил же орточо оорулары бар адамдар кайрылышат. Ал эми түнкү стационар 13.

“Бишкектеги күндүзгү стационарларга кайрылгандардын саны азайды, бирок региондордо абал оор бойдон калууда. Айта кетсек, бул Жалал-Абад облусу, Ош шаары жана Ысык-Көл облусу. Ысык-Көл облусун айта турган болсок, жайдын келиши, эс алуучулардын келиши менен ал жакта илдет кескин көбөйдү. 2020-жылдын июнь айында эс алуучулардын саны 3000 адамдын тегерегин түзө турган болсо, 20-июлга карата бул көрсөткүч 10 миң адамды түздү”, – деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости