www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын агрессивдүү билдирүүлөрүнөн кооптонгон Куба коргонуу максатында алдын-ала даярдык көрүп, аскердик машыгууларды өткөрүп, калкты мобилизацияга даярдоодо. Бул тууралуу Орусиянын Кубадагы элчиси Виктор Коронелли "Известия" басылмасына билдирди.
- Кариб деңизиндеги кырдаалдын курчушу жана Вашингтондун агрессивдүү риторикасынын шартында Кубанын жетекчилиги өлкө согуштук абалдын киргизилишине даярдануу планын иштеп чыкканын жарыялады. Аскердик машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, жарандык калк мобилизациялоого даярдалып жатат жана Куба коргонууга даяр, - деп айтты Виктор Коронелли.
Эксперттердин айтымында, Кубанын куралдуу күчтөрү аскердик-техникалык жабдуулары модернизациялоого муктаж.
Ачык булактардын маалыматы боюнча, Кубанын куралдуу күчтөрүнүн жалпы саны 1,2 миллиондон ашат. Алардын 50 миңи активдүү, 40 миңи резервде, ал эми 1,1 миллиондон ашыгы аскерлештирилген күчтөр (уюштуруучулук, функционалдык же окутуу жагынан кадимки куралдуу күчтөргө окшош куралдуу түзүлүштөр). Бардык кубалык эркектер эки жылдык милдеттүү аскердик кызмат өтөшөт жана 45 жашка чейин резервде болушат.
Эске сала кетсек, Куба — Кариб деңизиндеги арал мамлекет, борбор шаары — Гавана. Калкы болжол менен 11 миллион адамды түзөт. Расмий тили — испан тили.
Өлкө социалисттик башкаруу системасына ээ жана узак убакыттан бери өзгөчө саясий-экономикалык жол менен өнүгүп келет. Экономикасынын негизги тармактары — туризм, кант өндүрүшү, тамеки жана медицина.
Куба бай тарыхы, музыкасы, бийи жана кооз жаратылышы менен дүйнөгө белгилүү.