www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга айыпталып камакта жаткан Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун аялы Жамиля Турганова кайрылуу таратты. Бул тууралуу "Азаттык" маалымат агенттиги жазып чыкты.
Жамиля Турганова күйөөсү абакта жаткан бир жыл үй-бүлөсү үчүн оор болгонун, бул аралыкта алар мыйзамсыздыкка кабылганын жазган. Ал Кулматовго козголгон кылмыш ишин сот, укук коргоо системасындагы "башаламандыктын белгиси" экенин белгилеген.
Турганова кайрылуусунда Кулматовдун күнөөсү жок экенине жана эртеби-кечпи акыйкаттык орнотуларына ишенери айтылат.
Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланган учурда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.
2-майда Бишкектин Ленин райондук соту алардын тергөө абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Адвокаттар мурдагы мэрдин тергөө абагында кармалышы мыйзамсыз деген негизде аларды үй камагына бошотууну суранып келет. Асел Кодуранова жетекчилик кылган КСДП партиясы Кулматовдун ишин саясий куугунтук катары баалаган.
Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Кубанычбек Кулматовдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен.
Булак: "NazarNews.kg"