www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Кубанычбек Апас, Сиз учурда Кыргызстандасызбы, дегеле эмне менен алексиз?

-Мен апрель айында Москвадан Кыргызстанга келип пресс-конференция өткөрөмүн. Буюрса, президентик шайлоого талапкерлигимди коемун.

-Москвада кандай кызмат менен алексиз?

-Медицина жактан алектенип акча таап жүрөм.

-Медицинаны кайсы тармагын менен алектенсиз?

-Мен, РФ А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамырларын изилдөө борборунда хирурург, илимий кызматкер, медицина илиминин доктору, Байер, Пфайзер, Такеда компаниялары менен тыгыз кызматташамын.

-Эң сонун. Агай, Сиздин чоң саясат менен буга чейин такыр эле байланышыңыз жок экен, карап көрсөк жалаң гана илим менен алек экенсиз. Мына эми кайрадан президенттикке ат салышамын деп турасыз. Сиз өзүңүзгө ишенип талапкерлигиңизди коюп жатасызбы? Сизди эл колдойбу?

-Албетте! Азыр, Кыргыз Улуттун тагдырын чечкен баатыр жалгыз мен - Доктор Кубанычбек Апас - деп ойлоймун! Менин деңгээлиме жеткен төрөлгөн кыргыз жок азыр. Келечекте, мүмкүн төрөлөт. Мени бийик баалагандар чет элдик саясатчылар толтура.15 жылдын ичинде Жак Ширак, Билл Клинтон, Мадлен Олбрайт жана башка белгилүү саясатчылар менен кенен маектешкем. Владимир Путин, Михаил Саакашвили, Ющенко жана башка көп министр, Европарламент депутаттар, элчилер, Пеле, Кристиан Барнард менен кенен сүйлөшкөн кездер болгон. Москвалык профессор, интеллектуалдар абдан сыйлап мени, бир жолу Андрей Савельев, ГосДуманын депутаты менин президентик программды угуп Кыргызстангаа арналганын айтып коебу Свобода эфирине:"Доктор Кубанычбек Апас Россиянин президенти болсо Россия жеңет эле!" –деген. Кеп менде эмес азыркы кыргыздар бышканбы Доктор Апаска баа бергенге? Москвада бир профессор мени жакшы билген ушул пикир менен бөлүшкөн:"Доктор Апас многие политики мира дают высокую оценку вашей политической дальновидности,талантуу. Я и мои коллеги даем вам высочайшую оценку как политику, ученому, личности. Но способен ли киргизский чабан оценить вас, поскольку у него нет знаний, образования или подготовки. Это все равно что дать ему оценить последнюю модель компьютера Apple. Вот в этом 25-летняя трагедия киргизского народа. Получается,что вы кусок золота в киргизской пыли не замечаемый киргизскими чабанами. О ни давно должны были понять это и избрать вас президентом и мы уверены, Кыргызстан был бы уже развитым государством,а не бедным,посылающим молодых гастарбайтеров в Москву”,  деген. Эми бул илимпоздорго даже биздин интеллектуалдар Назаралиев, Базаров, шаардык тургундар барабар эмес. 

Уландысы бар...

Доктор Кубанычбек Апастын макаласы эч кандай өзгөртүүсүз берилди.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости