www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крокус Групптун президенти Арас Агаларов билдиргендей, компания Орусияда имараттарды жана курулуштарды куруу боюнча ишмердүүлүгүн улантууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу «Крокус Интернэшнл» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Агаларовдун кечээ, 24-марттагы билдирүүсүндө: "Террорчулардын максаты - талкалоо. Биздин милдет - жаратмандык. Теракттын курмандыктарын эскерүү ишибизди улантабыз" , - деп айтылат маалыматта.

Ал компания кырсыктын кесепеттерин жоюп, элге, өлкөгө кызмат кылган объектилерди түзүүнү уланта турганын билдирди. «Крокус Сити Холлду» реконструкциялоо пландалууда. Ал концерттик залдын жамаатына кырсык учурунда коноктордун жана кызматкерлердин өмүрүн сактап калган «кесипкөй, так жана баатырдык» аракеттери үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Агаларовдун айтымында, «Крокус Групп» Орусияда жүздөгөн объектилерди, анын ичинде эбегейсиз жана технологиялык татаал объектилерди – университеттерди, стадиондорду, көргөзмө павильондорун курган.

Эске сала кетсек, буга чейин теги азербайжандык орусиялык миллиардер Арас Агаларов мындай теракт 20 жылдан бери биринчи жолу болгонун билдирген. Анын уулу, Азербайжандын президенти Илхом Алиевдин мурдагы күйөө баласы, ырчы Эмин Агаларов бул теракт анын үй-бүлөсүнө да таасирин тийгизгенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости