www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында Ош шаарындагы №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилген аймагын мамлекеттин балансына кайтарды.
Тактап айтканда, 2000-жылдардын башында ишкананын мурдагы директору аталган жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирип алып, кийин аны бир нече бөлүккө бөлүп, өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө ишкананын мурдагы жетекчиси аталган мүлккө болгон менчиги мыйзамсыз экенин мойнуна алып, административдик жана чарбалык имараттары бар 1,39 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.