www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо, жүгүртүүнү аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск шаар тибиндеги поселкасында жашыруун жайды аныктады.

Кароо жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр алынды: 1 даана кесилген мылтык (12 калибрлүү, ок салынган), 1 даана «ПМ» үлгүсүндөгү согуштук тапанча (сегиз ок менен октолгон), 1 даана колго жасалган согуштук револьвер (эки ок менен октолгон), 1 даана травматикалык тапанча (үч ок менен октолгон), ошондой эле аларга тиешелүү ок-дарылар жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин формасы (12 калибрлүү жылмакай ок атуучу куралга 5 ок, «ПМ» тапанчасына 26 ок).

Оперативдүү маалыматтар боюнча, аталган жашыруун жай мурда мыйзамсыз иш-аракеттеринде ок атуучу курал колдонгон К.Асанбектин жоюлган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Последние новости