www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Өз сөзүндө ал жаңы Министрликтин түзүлүшү өлкө жетекчилигинин жогорку билим берүүнү жана илимди терең модернизациялоого багытталган аң-сезимдүү кадамы болгонун белгиледи.



«Министрликтин алдына өтө ачык милдет коюлду – университеттерди таланттарды тартуу борборуна, заманбап билимдердин булагына жана өлкөнүн ондогон жылдарга өнүгүүсүнүн негизги локомотивине айландыруу», – деп баса белгиледи Эдил Байсалов.

Кыргыз Республикасынын Президентинин бир катар жогорку окуу жайларына өзгөчө макам берүү жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу айтып жатып, ал натыйжалардын ар кандай деңгээлин белгиледи.



«Берилген мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, реалдуу прогресске жетишкен мекемелер бар. Бирок түшүндүрмөлөрдү жана чечимдерди күтүп жаткандар дагы деле бар. Күтүү убактысы бүттү», – деп билдирди Эдил Байсалов.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Президенттин Администрациясы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте жакынкы жумаларда тездетилген модернизация процесстерин координациялоону күчөтөрүн баса белгиледи.



Сөз билим берүү программаларын кайра карап чыгуу, эскирген дисциплиналарды кыскартуу, натыйжасыз багыттарды оптималдаштыруу жана заманбап экономиканын талаптарына жооп берген жаңы курстарды киргизүү жөнүндө болуп жатат. Коллегиянын жыйынтыгында жогорку билим берүү жана илим системасын реформалоонун артыкчылыктуу багыттары аныкталып, конкреттүү милдеттер коюлуп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Чечимдердин аткарылышы өзгөчө көзөмөлдө болот.

Последние новости