www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү комитетинин төрагасы Бакыт Дегенбаев баштаган делегация “Хоргос” чек ара кызматташтыгы борборуна барышты. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Борбор соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу комплекси болуп саналат. Аймактын жылдык жүгүртүүсү 105 миллион доллардан ашат. Ал эми дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтердин саны 5 миллиондон ашык адамды түзөт.

Иш сапардын алкагында КР Соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлери соода борборлорун кыдырып, зонанын ишмердүүлүгүн жана артыкчылыктарын изилдөө үчүн Хоргос шаарындагы (КЭР) ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

“Хоргос” ЭКБКнын жетекчилиги жана бизнес чөйрөлөрү Кыргызстандын ишкерлери менен туризм, медициналык туризм жана биргелешкен өндүрүш сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташууга кызыкдар.

КР Соода-өнөр жай палатасына Хоргос шаарына иш сапары менен тыгыз иштиктүү байланыш түзүү үчүн расмий чакыруу келди. Жакынкы арада бул борборго келүү үчүн ата мекендик компаниялардын бизнес миссиясы түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости