www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын борбору Вена шаарында өтүп жаткан Баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин ишине катышууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө баңги коркунучу менен күрөшүүдө эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн учурдагы абалы жана андан аркы кадамдары талкууланып, синтетикалык баңгизаттардын таралышына каршы турууда Борбордук Азиянын ролу баса белгиленүүдө.

2024-жылы Баңгизаттар боюнча Комиссиясы (CND), баңгизатка каршы саясат боюнча бардык эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын баалоо үчүн орто мөөнөттүү текшерүү жүргүзүүдө. Эки күндүк жогорку деңгээлдеги жыйындардан кийин (2024-жылдын 14-15-март) беш күндүк кезектеги сессия өткөрүлөт.

Кыргызстандын укук коргоо органынын жетекчиси сегменттин катышуучуларын тосуп алып, уюштуруучуларга жогорку деңгээлдеги даярдыктары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстандын баңгизаттарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамилесин кыскача белгилеп, эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун жыйынтыгы менен тааныштырып, ошондой эле 2029-жылга чейин биргелешкен ишмердүүлүктүн жолдорун аныктоо боюнча сунуштарыбызды айта кетейин.

Кыргызстан негиз болуучу эл аралык конвенцияларда белгиленген ченемдерди аткарууга, алардын негизинде БУУнун максаттарына жана принциптерине ылайык, көзөмөлдөнүүчү субстанцияларга суроо-талапты жана сунушту азайтуу боюнча глобалдык, региондук жана улуттук деңгээлдерде чаралардын системасын ишке ашырууга карата өзүнүн чечкиндүүлүгүн билдирет.

Белгилей кетсем, бүгүнкү күндө баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык укуктун ченемдерине толук шайкеш келет, ошондой эле профилдик эл аралык институттардын сунуштарын эске алат.

Баңги кырдаалынын татаалдыгына карабастан, биз профилактиканы күчөтүү менен калк арасында баңги заттарды колдонуу динамикасын төмөндөтүүгө жетиштик.

Алсак, акыркы беш жылда КР Саламаттык сактоо министрлигинин системасындагы наркологиялык мекемелерге кайрылуулардын саны туруктуу төмөндөө тенденциясына ээ болду", - деди Улан Ниязбеков.

Сөзүнүн аягында Кыргызстандын ички иштер министри глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги өз ара аракеттенүү процесстерине көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Россиянын ИИМи жана ишкерлер чөйрөсү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости