www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 3-февралдагы жыйында «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Маалымат менен юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу тааныштырды.

Анын айтымында мыйзам долбоору турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жол-жобосунун ачык-айкындуулугун, мыйзамдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу, ошондой эле турак жай ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

Анын негизинде турак жай менчик ээлеринин шериктигин уюштуруу чогулушун өткөрүүдө нотариусту кабарлоо жана катышуунун милдеттүү тартибин белгилөө, мүмкүн болгон жасалмалоону жана кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо максатында чогулушка катышуучулардын кол тамгаларынын аныктыгын күбөлөндүрүү, кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтары аркылуу кыймылдуу мүлк объектилерине менчик укугун ырастоо, турак жай менчик ээлеринин шериктигин түзүү жол-жобосуна жарандар тарабынан ишенимди жогорулатуу сунушталууда.

Комитет мындан тышкары «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун тууралуу экинчи окууда колдоду.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 29-августундагы № 241 «Жашыл экономикага инвестицияларды тартуу боюнча чаралар жөнүндө (отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлор)» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Последние новости