www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус Сокулукта 400 киши чакырылган юбилей тойду токтотту

Коронавирустун дүйнөгө жайылышына байланыштуу, Сокулукта 400 киши чакырылган «той» токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта  Бишкектеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтканына таянсак, Сокулук районунда кечээ, 5-мартта 400 киши чакырылган юбилей той өткөрүлмөк бирок, уюштуруучу иш-чараны токтотуп, чакырылган конокторду эскерткенин министрликке билдирген. «Ал башка жарандарды дагы чакырат. Бул анын өз ыяктыяры менен кабыл алынган чечим. Биз элдердин түшүнүүсүнө таянышыбыз керек», - деп билдирди Исаков.

Мындан тышкары, Кытай өлкөсү сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча милдеттүү түрдө тыюу салынбай тургандыгын, жөн гана сунушталып жаткандыгын толуктады.

Эске сала кетсек, 5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салган. Мунун себебин коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости