www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук тартипти бузган жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-апрелинде социалдык тармактарда проспект Манас көчөсүндө эки айдоочунун ортосунда пикир келишпестик жаралып, коомдук жайда жарандарды көзгө илбей, бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жаткандыгы тууралуу видео тасма тараган.
Аталган жарандар Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБине жеткирилди.
Белгилей кетсек, бул факт Биринчи май РИИБи тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1989-жылы туулган О.М. жана 1996-жылы туулган С.Э. аттуу жарандардын өздүгү такталган.
Аталган жарандарга карата Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, материалдар райондук сотко кароого жиберилди.