www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар Гульнара Акимбаева менен Гүлшаркан Култаева Анкарада Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын Түркияга болгон иш сапары уланууда. Эл өкүлдөрү Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын өкүлдөрү, атап айтканда Кыргызстан-Түркия Парламенттер аралык достук тобунун башчысы Юсуф Беязид жана Эмел Гөзүкара Дурмаз менен жолугушту. Депутаттар алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, парламенттин имаратын жеринден көрүштү.
Ошондой эле, Түркия мамлекетине чакырган IKSAD институтунун президенти, профессор Мустафа Латиф Емек менен жолугушуп, тараптар өз ара тажрыйба алмашып, бири-биринин ишмердүүлүгү менен кеңири таанышышты.
Иш сапардын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун жетекчиси Султан Раев менен да жолугушуу өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.