www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладеш Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммад Монирул Ислам мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнүн учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын карап чыгышты. Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланып, ошондой эле визаларды тариздөө жол-жоболору каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосунда байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин белгилеп, консулдук багытта кызматташууну ырааттуу кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти.