www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда бир сутка ичинде коронавирустун жаңы рекорддук көрсөткүчү катталды. Анда акыркы суткада 703 адамдан илдет тастыкталган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө бир суткада 672 бейтап оорудан сакайса, 5 адам каза болгон.

Коронавирус илдети башталгандан бери Өзбекстанда 22 миң 872 адам ооруну жуктуруп алган. 12 миң 937 бейтап сакайса, тилекке каршы, 131 адам оорудан кайтыш болгон.

Коронавирус инфекциясы Өзбекстанда алгачкы жолу 15-мартта катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости