www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конгонун Итури провинциясында жергиликтүү тургундар Эбола вирусу менен ооругандар дарыланып жаткан медициналык борборго кол салышты. Коопсуздукка байланыштуу дарыгерлер эвакуацияланып, башаламандык учурунда Эболага чалдыккан же жуктуруп алган деп шектелген 10го жакын бейтап качып кеткен.
Кол салууга төрөттөн кийин аз кандуулуктан каза болгон аялдын өлүмү себеп болгону айтылууда. Дарыгерлер биологиялык коопсуздук талаптарына байланыштуу кан куюу жүргүзө алышкан эмес.
Адистердин айтымында, качып кеткен бейтаптар вирустун жайылышын күчөтүшү мүмкүн. Учурда бийлик жана эл аралык уюмдар аларды издеп, инфекциянын андан ары таралышын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.