www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочу кармалды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кызматкерлер Toyota Levin үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Бирок айдоочу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, керектүү документтерди көрсөтпөй, агрессивдүү мамиле жасаган.

Текшерүү учурунда айдоочу буга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылганы жана жанында автоунаанын каттоо күбөлүгү жок экени аныкталган.

Медициналык кароонун жыйынтыгында айдоочу алкоголдук мас абалда болгону тастыкталган.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, унаа атайын айып короо жайына киргизилди.

ЖКККББ айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды.

Мас абалында унаа башкаруу жана айдоо укугу жок рулга отуруу жол кыймылынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратарын эскертти.

Последние новости