www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Кочкор районундагы Сагымбай Орозбаков көчөсүндө жайгашкан ири дүкөндүн имаратында өрт чыкты.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жалын кыска убакыттын ичинде имараттын чоң бөлүгүн каптап кеткен.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү эки бөлүмү тартылып, өрттү чектөө жана анын коңшу жайларга жайылып кетишине жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Учурда куткаруучулар тилсиз жоону ооздуктоо жана аймактагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барып жатышат.
Өрттүн келип чыгуу себептери, келтирилген материалдык чыгым жана жабыркагандар тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек.
Окуя боюнча кошумча маалыматтар расмий булактардан алынган сайын жаңыртылып турат.